Кыргызстан казак буудайына ишенип жата бербеши керек. Адистин пикири

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБуудай түшүмүн жыйноо. Архив
Буудай түшүмүн жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда бир жылдын ичинде унга болгон баа дээрлик 20 пайызга кымбаттады. Адистер муну Казакстанда аба ырайынын катаал шартынан улам буудай жакшы түшүм бербей калганы менен байланыштырып жатат.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Казакстанда буудайдын жакшы түшүм бербей калышы Кыргызстанда ундун кымбатташына алып келбеши керек. Бул нерсени болтурбай коюуга өкмөттүн мүмкүнчүлүктөрү бар экенин "Кыргызлэнд" экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда бир жылдын ичинде унга болгон баа дээрлик 20 пайызга кымбаттады. Адистер муну Казакстанда аба ырайынын катаал шартынан улам буудай жакшы түшүм бербей калганы менен байланыштырып жатат.

"Казакстандын Костанай облусунда быйыл эгиндин түшүмдүүлүгү жакшы болбой, буудай, анын аркасынан бизде ун кымбаттады. Бирок өкмөттүн бааны кармап туруу боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу жана мамлекеттик материалдык резерви сыяктуу рычагдары бар. Буудай ар дайым зарыл азык. Анткен менен Кыргызстанда айдоого жарамдуу жердин 50 пайызы иштетилбеген бойдон калууда", — деди Ниязбекова.

Анын айтымында, жердин өздөштүрүлбөй калышынын негизги себептери — материалдык-техникалык базанын тартыштыгы жана эмгекке жарамдуулардын борбор калаага жана чет жакка агылышы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0