Жыл башынан бери мамлекеттик карызды төлөөгө 21 млн. сом кетти

Жазылуу
2019-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 503,50 миллион АКШ долларын түздү. Сомго которгондо бул 313 миллиард 911,48 миллион сом болот.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Финансы министрлиги 2019-жылдын 10 айында мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен канча акча кеткендиги тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, карыздан четинен кутулууга 21,3 миллион сом сарпталды.

"Тышкы карызга дээрлик 12 миллион сом кетсе, ички бересеге 9,4 миллион сом бөлүндү", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2019-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 503,50 миллион АКШ долларын түздү. Сомго которгондо бул 313 миллиард 911,48 миллион сом болот. Анын ичинен тышкы карыз — 262 миллиард 936,56 миллион, ичкиси — 50 миллиард 974,91 миллион сом.

Мамлекеттик карыз — бул тышкы жана ички карыз.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0