Кыргызстанга 50 млн. доллар грант берилет. Акча кайда жумшалмакчы

Жазылуу
Чили, Кыргызстан жана Непалдагы климаттын өзгөрүшүнө болгон туруктуулукту бекемдөө үчүн жалпы жонунан 161 миллион доллар бөлүнгөн.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кыргызстан 50 миллион доллар грант алат. Бул тууралуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан (ФАО) билдиришти.

Маалыматка караганда, шейшемби, 12-ноябрда, Жашыл климат кеңешинин фонду 161 миллион долларлык каржылоону бекиткен. Бул каражат Чили, Кыргызстан жана Непалдагы климаттын өзгөрүшүнө болгон туруктуулукту бекемдөөгө сарпталат. Пайдасы 1,5 миллион адамга тиет деп болжолдонду.

"Кыргызстан фонддон 30 миллион доллар грант алат. Дагы 20 миллион доллар токой менен жайыт жерлердин азайышына каршы күрөшкөн долбоорго бөлүнөт", — деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында токойлор менен жайыт жерлердин аянты кеңейтилип, аба тазаланат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0