Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 млн. доллар бөлүү пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУкладка асфальта на альтернативной дороге север юг
Укладка асфальта на альтернативной дороге север юг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчыга депутат Зиядин Жамалдинов суроо узатып, Ош шаарына жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолду.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ош шаарынын жолдорун оңдоого 100 миллион доллар бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте билдирди.

Өкмөт башчыга депутат Зиядин Жамалдинов суроо узатып, Ош шаарына жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолду.

"Чет өлкөдөн алынган гранттардын эсебинен Бишкек шаарындагы бир нече жолдор оңдолду. Бирок ошол эле мезгилде Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаарынын да жолдору асфальтталып калса жакшы болмок. Ошондой гранттарды ал жакка да бөлүп койбойсуңарбы", — деп сунуштады Жамалдинов.

Абылгазиев азыркы учурда макулдашуулар даярдалып жатканын айтып, грант, кредиттердин эсебинен 100 миллион доллар бөлүнөрүн билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0