Эсеп палатасы: Кыргызстан насыяны өздөштүрө албаганы үчүн чыгымга учуроодо

© AFP / JUNG YEON-JEДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эсеп палатасынын төрагасы айыпты мамлекет эмес, кредитти колдонгон компаниялар менен подрядчылар өздөрү төлөй тургандай кылуу керектигин айтты.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Алынган кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыктан бюджеттен айып катары ири сумма төлөнүп жатат. Бул тууралуу Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеңеште билдирди.

Парламентте келерки жылдын бюджетинин долбоору каралууда.

"Кредиттер өздөштүрүлбөй жаткандыгына байланыштуу бюджеттен бир нече жылдан бери айып пул төлөнүп келүүдө. Анын суммасы 9 миллион долларды түзүп, бюджеттен каралат. Бул акчаны кредитти колдонгон компаниялар менен подрядчылар төлөй тургандай кылыш керек. Муну өкмөткө да айттык", — деди Марипов.

Анткен менен ал жалпы жонунан канча акча кеткенин маалымдаган жок.

Эске салсак, бир жыл мурда борбор калаа Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы берген насыяны өздөштүрө албай койгондугуна байланыштуу 135 миң евро төлөшү керектиги белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0