Россиялык эксперт: Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын кызганбаш керек

Жазылуу
"Валдай" эл аралык дискуссия клубунун адиси Александр Ломанов Борбор Азияда түшүнүшүү менен ишенимге багытталган аймактык кызматташуунун жаңы контенти калыптанып жатат деген ишенимде.

Кытай менен борборазиялык кызматташуу Россия тарабынан кооптуу атаандаштыктын булагы катары каралбашы керек. Бул туурасында Россиянын Илимдер академиясынын Евгений Примаков атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк экономика боюнча улуттук изилдөө институтунун директорунун илимий иштери боюнча орун басары Александр Ломанов билдирди. Ал жогорудагы пикирин "Валдай" клубунун азиялык X конференциясында айткан.

"Себеби мындан 10-15 жыл илгери болгон аймактык кызматташуунун жаңы контенти калыптанып жатат", — деген Александр Ломанов Sputnik агенттигине берген маегинде.

Негизи атаандаштык менен кызматташуу деген түшүнүк өзгөрөт, себеби акыркы эки жылда эл аралык бир катар соода механизмдеринин азайып бараткандыгын байкоого болот деген эксперт.

Жер жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
"Кытай — ондогон жылдар бою курулган өндүрүштөгү кыйраган байланыштардан улам экспорт рыногуна жеткиликтүүлүк болбой, кыйынчылык тартып жаткан өлкөлөрдүн бири. Андыктан Кытай менен Россия Азия чөлкөмүндө атаандаш деп айтуу туура эмес. Жалпыга маалым болгон фактыны эске сала кетсем, быйыл июнда Кытай жана Россия лидерлери Путин менен Си Цзиньпинь эки тараптуу мамиленин жаңы доорго киргендигин айтышкан. Мунун маанилүү экендиги да белгиленген", — деди Ломанов.

Эксперт Кытай-Россия жетекчилеринин сөзүндөгү негизги нерсе ишеним экендигин айтып, ал эки эмес, көп тараптуу болушу шарт деп кошумчалады.

"Ал Кытай-Россия эле эмес, Евразия аймагынын башка өлкөлөрүнүн ортосунда өз ара ишеним экономика, саясат жана маданият тармагындагы бардык жакшы нерселерди сактап калууга көмөкчү болот. Ал сырткы жагымсыз көрүнүштөн, мурдатан бери бизге таңуулап келишкен деглобализациядан, аскердик-саясий атаандашуудан сактайт", — деген адис.

Самарканд шаарында Эл аралык "Валдай" дискуссия клубунун "Борбордук Азия жана Евразия: глобалдык чаржайыттыктын алдындагы ар тараптуу кызматташуу" деп аталган азиялык X конференция өтүп жатат. Ага  Кыргызстандан, Өзбекстандан, Россиядан, Германиядан, Индиядан, Казакстандан, Кытайдан, Тажикстандан, Филиппинден, Швециядан жана Япониядан келген 70тен ашык эксперт катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0