Иран Кыргызстан менен алакасын өнүктүрүүгө кызыкдар

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент
Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жахангири биринчи кезекте мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү экендигин билдирген. Ал ошондой эле виза алуу маселесин жеңилдетүүнү карап көрүүнү суранган.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Жахангири менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттердин маданий жана тарыхый жактан жакындыгын эске алуу менен өлкөлөрдүн кызматташтыгы жана анын потенциалы тууралуу сөз болду.

Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: кыргыз-кытай чегиндеги соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышкыла
Ошондой эле Кыргызстандан Иранга айыл чарба жана мал чарба продукцияларын ташуунун көлөмүн көбөйтүү жана мунай-газ, транспорттук-логистикалык, туристтик, авиация тармактары боюнча кызматташтык жөнүндө сүйлөшүшкөн.

Жахангири биринчи кезекте мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу маанилүү экендигин билдирген. Ал ошондой эле виза алуу маселесин жеңилдетүүнү карап көрүүнү суранган.

Андан тышкары, Абылгазиев менен Ирандын биринчи вице-президенти тийиштүү органдарга жакынкы убакта өкмөт аралык комиссиянын жыйынын өткөрүүгө тапшырма беришкен. Анда өлкөлөр ортосундагы алака кенен талкууланмакчы.

Жолугушуунун соңунда Жахангири Абылгазиевди убактысы туура келгенде Иранга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0