Абылгазиев: кыргыз-кытай чегиндеги соода-логистикалык борборду курууга активдүү катышкыла

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент
Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Ташкентте өтүп жаткан ШКУ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин жыйынына катышып жатат. Өз сөзүндө ал бир катар маселелерге токтолду.

ТАШКЕНТ, 2-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушуна бардык аракетин көрөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында айтты.

Абылгазиев өз сөзүндө мамлекеттердин кызыкчылыгы, инвестиция менен бизнес интеграциялык уюмдардын негизин түзө турганын билдирип, бул багытта быйыл май айында Бишкекте уюмга мүчө мамлекеттердин алдыңкы бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен форум өткөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле ШКУнун алкагында элдин руханий жана маданий жактан өнүгүүсүнө маани бериле турганын билдирди.

"Экономикалык көрсөткүчтөрдүн артынан чуркап жүрүп, адамдык баалуулуктар, маданият, искусство, спортту жана эң маанилүүсү, элдин өнүгүшүн унутпашыбыз кажет", — деди ал.

Премьер-министр ошондой эле быйыл июнь айында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин Бишкекте өткөн жыйынында маанилүү документтерге кол коюлганын айтып, аларды толуктап иштеп чыгуу керектигин айтты. Аны менен катар ШКУ банкы менен ШКУнун өнүгүү фондун түзүү маселесин тезинен карап, андан сырткары, транспорттук-логистика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди. Эсептерди улуттук валюталарда жүргүзүү дүйнөлүк каржы каатчылыгынын тобокелчиликтерин азайтууга негиз болорун кошумчалады.

Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев менен Мирзиёев кыргыз-өзбек чек арасын талкуулашты
"Индустриалдык парктар жана транспорт-логистикалык борборлор тармагындагы келечектүү багыт катары Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында соода-логистикалык борборду курууга тараптарды активдүү катышууга чакырам", — деди ал.

Комплекстүү инфраструктура менен жабдылган жана көзөмөл өткөрүү борборлорундагы өнүккөн логистикалык система ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик потенциалы менен аймактык кызматташуудагы соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багыттала турганын айтты.

Белгилей кетсек, пландалып жаткан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кашгар — Эркечтам — Ош — Анжиян — Ташкент багыты боюнча өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0