Салыктан качкан кыргызстандыктардан 3,7 млрд. сом өндүрүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматынын инспекторлору 9 айдын аралыгында салыктан качкан ишкерлердин изине түшүп, карызын өндүрө алган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Быйылкы жылдын 9 айында салыктан качкан тараптардан 3 миллиард 740 миллион сом өндүрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Аталган сумма 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 миллиард 51,1 миллион сомго көп экени айтылат.

Мындан сырткары, убагында салык төлөбөгөнү үчүн 4 407 тарапка 9,2 миллион сом айып пул салынган. Анын ичинен 7,4 миллион сому өндүрүлгөн.

Бул аракеттер салык төлөөчүлөрдүн карыздарын мажбурлап мамлекетке өндүрүү боюнча иш-чараларды аткаруунун алкагында жүргүзүлгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0