Бишкек мэриясы 6 айда канча каражат таап, аны эмнеге жумшаганы айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министрлиги Бишкек мэриясы жарым жылда канча киреше тапканын жана чыгымдары боюнча отчётун жарыялады.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын алты айында (январь-июнь) Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 4 миллиард 29 миллион 768,7 миң сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен жөнгө салынуучу кирешелер 56,7 пайызды, бекитилген кирешелер 43,3 пайызды түзгөнү айтылат.

Ал эми ошол эле бюджеттен 3 миллиард 783 миллион 291,6 миң сом ар кандай тармактарга жумшалган.

  • Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка — 297,8 миллион сом;
  • Экономикалык маселелерге — 171,73 миллион сом;
  • Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 1 миллиард 217,9 миллион сом;
  • Саламаттык сактоого — 106,4 миллион сом;
  • Эс алуу, дин жана маданиятка — 202,65 миллион сом;
  • Билим берүүгө — 1 миллиард 632,75 миллион сом;
  • Социалдык коргоого — 135,2 миллион сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0