Жыл башынан бери учак менен каттагандардын саны 240 миңге азайган. Статистика

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПассажирский самолет Boeing 787-9
Пассажирский самолет Boeing 787-9 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жүргүнчүлөрдүн саны көбөйгөнү айтылганы менен ал бардык транспорттордун түрүнө таандык эмес.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктар учак менен аз каттап калды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин тогуз айдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы боюнча маалыматында айтылат. 

Кыргызстандагы жүргүнчүлөрдүн агымы
Жыл башынан бери учак менен каттагандардын саны 240 миңге азайган. Статистика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы жүргүнчүлөрдүн агымы

Жалпысынан 2019-жылдын январынан сентябрь айына чейин жүргүнчүлөрдүн саны 538 миллиондон 559 миллионго чейин жеткен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жүргүнчүлөрдүн саны транспорттун дээрлик бардык түрү боюнча өскөн. Атап айтканда, такси, поезд, автобус, троллейбус кызматын пайдаланышкан. Бирок учак менен каттагандардын саны 1,071 миллиондон 823,1 миң кишиге  азайган. Ошол эле учурда бул көрсөткүч ички же тышкы каттамдарга тиешелүү экени так берилген эмес.

Кыргызстандагы авиациянын азыркы абалы кандай экенин бул жактан окуңуз

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0