06:08 15 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0878
Высоковольтная линия электропередачи. Архивное фото

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын сатууну планга койду

© Sputnik / Алексей Мальгавко
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
275 0 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылдын аягына чейин Кыргызстанда иштеп чыгарылган кубаттуулук 400 мегаваттка жогорулашы күтүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСине болгон сапары маалында Кыргызстан электр энергиясын Кытайга сатууну пландап жатканын айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент өз сөзүндө стратегиялык маанилүү объектилерди кайра курууга жана модернизациялоого ири чет элдик инвестициялар тартылып жатканын айтты. Андан сырткары, энергетикалык секторду башкаруу боюнча реформа жүрүп жатканын кошумчалады.

"Коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл. CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу  өлкөнүн Түштүк – Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат. Келечекте Кытайдын рыногуна чыгууну максат кылабыз", — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы коюлган максаттарга жетүү үчүн кадр маселесин биринчи кезекте чечүү керектигин белгиледи.

Аны менен катар быйыл Кыргызстандын энергетика тармагы өзүнүн 85 жылдык юбилейин белгилей турганына токтолду.

Тема боюнча

Жээнбеков: Токтогул ГЭСинин иш мөөнөтү 35-40 жылга чейин узарат
Белгилер:
Кытай, электроэнергия, ГЭС, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ