Кыргызстандын төрт продукциясынын экспорттук көлөмү өстү. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота колбасного завода в Бишкеке
Работа колбасного завода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, балык жана балык продукцияларынын экспорттук көлөмү 10 эсе, койдун эти эки эсеге жогорулаган.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында Кыргызстандын азык-түлүктөрүнүн төрт түрү былтыркыга салыштырмалуу көбүрөөк экспорттолду. Бул туурасында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, балык жана балык продукцияларынын экспорттук көлөмү 10 эсе (100 тоннага) жогорулаган, ал эми койдун эти эки эсе, сүт азыктары 5 120 тоннага, таза бал 38 тоннага көп болгон.

Экспорттолгон товарлардын көлөмү жана тизмеси:

  • Балык жана деңиз азыктары — 1 466 тонна (былтыр 145 тонна);
  • Койдун эти — 703 тонна (былтыр 278);
  • Колбаса азыктары — 24 575 тонна (былтыр 19 459);
  • Бал — 282 тонна (былтыр 244).

Мындай көрсөткүчтөргө жетүүгө төмөнкү факторлор негиз болгон:

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат экспорттун кескин азайып кеткенин айтып, өкмөттү сындады
Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБ мамлекеттери таанып, кабыл алышы;

Кыргызстандын ири мүйүздүү малына жана майда жандыктарынын этине коюлган Россия менен Кувейттеги чектөөнүн алынышы;

Кыргызстандын сүт азыктарын жана балын Кытайга экспорттоого уруксат берилиши.

Ошондой эле ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине өткөн жылы 87 кыргызстандык ишкана катталса, быйыл ал тизмеге дагы 21 компания кошулганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0