Өкмөт ЕАЭБден унаа киргизүүдө бажы төлөмүн көбөйтпөй турууну өтүнөт

© AP Photo / Michael SohnАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө унаанын жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирет.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү жылдын аягына чейин ЕАЭБге кирбеген мамлекеттерден алып келинген автоунаанын бажы төлөмү боюнча жеңилдетилген мөөнөттү узартуу маселеси менен Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө кайрылууну пландап жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн ЕАЭБдеги өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди.

Эске сала кетсек, жеңилдетилген бажы төлөмдөрүнүн мөөнөтү ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. 2020-жылдын 1-январынан тарта Бирдиктүү бажы тарифи күчүнө кирет.

"Жыл этегине чейин кайрылабыз, маселе ЕАЭБдин аянтында чечилет", — деди Сазбаков.

Ал белгилегендей, долбоордун документинде тарифтердин кандай болору жазылбайт.

"Биз үчүн эң башкысы алып таштоого уруксат беришсе, ал эми тариф кандай болорун өзүбүз чечебиз", — деди ал.

Мамлекеттик бажы кызматы кийинки жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөрүн билдирген болчу.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0