Төрт жолу рекорд койгондон кийин Кыргызстанда акча азайып кетти

Жазылуу
Сентябрь айында Кыргызстандагы каражаттын көлөмү 2-4,7 миллиард сомго өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Октябрь айынын башына карата алынган статистика боюнча Кыргызстандын акчасы азайып кетти. Муну Улуттук банк жарыялаган колдонуудагы акчалар боюнча үч көрсөткүч тастыктап турат. Анда колдонуудагы акча, акча базасы, кеңири аныктамадагы акча базасы каралган.

Жыл башында рекорд коюлуп, бирок көлөмү бир аз азайган. Анткен менен июнь-июль айларында рекорд артынан рекорд коюлду. Ал эми сентябрдын башында дагы бир ирет жогорку чекке чыкты. Мурдагы айларга салыштыра келгенде каражаттын көлөмү 2-4,7 миллиард сомго өскөн.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда алтын валюта кору 50 млн. долларга азайып кетти
Октябрдын башында акчанын көлөмү 1-2 миллиард сомго азайып кеткени айтылды, бирок ага карабай бул 2007-жылдан берки акчанын көлөмү боюнча экинчи орунда турат.

Колдонуудагы акча — бул насыя берүүчү уюмдардын кассасындагы калдык акчанын эсебин кошкондо элдин колундагы каражат болуп саналат.

Акча базасы — колдонуудагы жана финансылык (депозиттик) уюмдардын кордогу акчалары.

Кеңири аныктамадагы акча базасы — колдонуудагы жана ага кошумча резервдеги бардык каражаттар (чет элдик валюта жана сом), финансылык уюмдардын депозиттери.

Жаңылыктар түрмөгү
0