Салык кызматы бир жылда 38 миң патентти онлайн түрүндө берди

Жазылуу
Салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн 2018-жылдын 1-октябрынан тартып электрондук патент бериле баштаган.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Салык кызматы кыргызстандыктарга бир жылда 37 916 даана патентти онлайн түрүндө берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Сдача ЕНД в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Декларацияны мыйзам бузуп тапшырган депутаттардын тизмеси чыкты
Белгилей кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып электрондук патент бериле баштаган. Аны Салык кызматынын www.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук сервиси жана eID-карта (жаңы үлгүдөгү паспорт) менен алууга болот.

Азыркы учурда электрондук патент алып, анын төлөмүн бир катар банктардын карточкалары, мобилдик капчыктары аркылуу төгүлүүдө.

Электрондук патентти интернет аркылуу сатып алуу менен салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү пландалган. Ошону менен бирге дагы бир максаты — коррупциянын тобокелдигин азайтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0