ЕАЭБде транспорттук кызматтардын рыногун түзүү пландалып жатат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖүк ташуучу унаа. Архив
Жүк ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирдиктүү транспорттук рынок түзүлсө, ЕАЭБ ичинде жүк ташуу, ишкерлик кылуу бир топ жеңилдеп, ар кандай төлөмдөрдүн көлөмү кескин кыскарат.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу ЕЭКтин расмий сайтында айтылды.

Документтин негизги максаты — ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда транспорттук кызматтар рыногун түзүп, биримдиктеги унаа кызматтарына байланыштуу тоскоолдуктарды жок кылуу.

"Бирдиктүү транспорттук рынок түзүлсө, ЕАЭБ ичинде жүк ташуу, ишкерлик кылуу бир топ жеңилдеп, ар кандай төлөмдөрдүн көлөмү кескин кыскарат", — деп айтылат билдирүүдө.

Евразия транспорт, экспедиция жана логистика уюму 2012-жылы ЕврАзЭСтеги транспорттук көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында түзүлгөн.

Эске салсак, ушул тапта ЕАЭСтин курамында Армения, Белоруссия, Кыргызстан, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0