Кыргызстанда урандын сырьесун алып келип иштетүүгө да тыюу салынат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүУран иштетүү. Архив
Уран иштетүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өз сөзүндө кийинки муун уранды иштетүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүргөндөн кийин бул мыйзамды жокко чыгарып иш алып барса болорун белгиледи.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети карап жатат.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Мыйзам долбоордун авторлорунун бири Алмамбет Шыкмаматов киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык Кыргызстанда уранды иштетүүгө толук тыюу салынарын айтты.

Депутат өз сөзүндө кийинки муун уранды иштетүү боюнча жаңы технологияларды өздөштүргөндөн кийин бул мыйзамды жокко чыгарып, иш алып барса болорун белгиледи. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору Кыргызстанда жашырылган уулуу калдыктар сакталган жерлерди кайта иштетүүгө тоскоолдук болбойт.

Шыкмаматов уран кендерин тыштан алып келип иштетүүгө да тыюу салынарын айтты.

"Мына Казакстандын уранын бул жакка алып келип иштетип жатат. Мындай болбош керек, антсе мыйзамдын логикасы бузулат да. Казууга тыюу салып туруп, кайта башка жактан алып келип иштетүүгө уруксат берсек болбой калат", — деди ал.

Депутат Абтандил Кулбараков «Мыйзам күчүнө киргенден кийин берилген бардык лицензиялар жокко чыгабы?» деп суроо салды.

Шыкмаматов жокко чыгарын, бирок чалгындоо үчүн лицензия алган тарапка өкмөт урандан башка кендерди иштетүү сунушун бере турганын кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0