"Коопсуз шаардын" II этабын ишке ашырчу кытай компаниясы тууралуу 5 факты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу камералар. Архив
Жолдогу камералар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендерди уткан компания 1997-жылы негизделген. Ал Huawei жана Tencent ири ишканалары менен кызматташат. Компаниялар "Акылдуу шаар" өңдүү "негизги маалыматтарга" анализ жасап, кайра иштеп чыгышат.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерди кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы жеңип алган. Sputnik Кыргызстан агенттиги компания тууралуу кыскача маалымат топтоду.

Быйылкы жылдын 8-майында "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланган. Сынакка үч компания катышкан. Алардын ичинен "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи этабын ишке ашырган россиялык "Вега" компаниясы тендерде 4 миллиард 802 миллион 338 миң сом сураган. "Маалыматтык тутумдардын коопсуздугу" аттуу дагы бир россиялык компания 5 миллиард 67 миллион 794 миң сом сунуштаган. Ал эми кытай компаниясы эң аз бааны — 2 миллиард 654 миллион 558 миң сом сунуштап, тендерди утуп алган.

Долбоордун шартына ылайык, аталган компания өлкөнүн негизги делген жолдоруна 306 камера орнотууга тийиш.

ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шабданов: "Коопсуз шаардан" бюджетке 260 млн. сом түштү
1. Reuters басылмасынын маалыматына ылайык, аталган компания 1997-жылы негизделген. 2010-жылдын январь айында Шэньчжен биржа фондусунан каттоодон өткөн.

2. Компания расмий сайтында өзүн Кытайдагы "Акылдуу шаар" жогорку технологиялык долбоорлорду ишке ашырууда, ошондой эле жасалма жана интеллектуалдык жабдууларды жасоо боюнча алдыңкы ишкана катары көрсөткөн.

3. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы Huawei жана Tencent ири ишканалары менен кызматташат. Алар "Акылдуу шаар" өңдүү "негизги маалыматтарга" анализ жасап, кайра иштеп чыгышат.

4. "Коопсуз шаар" долбооруна окшогон биринчи жумушун компания 2003-жылы ишке ашырган. Анда ишкана Шэньчжень шаарына мониторинг кылган интеграцияланган система койгон. Бул система транспорт комплексинин жумушу тууралуу бардык маалыматты бир жерге топтой алат. Алсак, бир учурда эле поезд каттамдарын жана жүргүнчүлөрдүн багытын карап, өзгөчө кырдаалдар болуп кеткен учурда абалды тез көзөмөлгө алат.

5. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясынын мүлкү 2-октябрга карата 5 миллиард 734 миллион юанды (803 миллион доллар) түзгөн.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0