Кыргызстанда алтын валюта кору 50 млн. долларга азайып кетти

© AFP / ERNESTO BENAVIDESАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле алтындын кору көлөмүнүн көптүгү боюнча рекорддук көрсөткүчтө жүргөн. Алтындын резерви Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга жардам берет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Сентябрь айынын аягына карата Кыргызстандагы алтын валюта кору 2 миллиард 285,7 миллион долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Эске салсак, август айында алтын валюта кору рекорддук көрсөткүчтү түзүп, 2 миллиард 335,8 миллион доллар болгон.

Компания директору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кылат. Кожоюндардын тизмеси
Ошентип бир ай ичинде эле резерв 50 миллион долларга кыскарып кеткен. Анын себептери айтылган жок.

Бул 2002-жылдан берки Улуттук банктын тарыхындагы экинчи көрсөткүч. Ал учурдан тарта маалыматтар ачык айтылып келе жатат.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Кыргызстандагы акча базасы да өзүнүн рекордун коюуда. Анын пайдалуу же зыяндуу экенин эксперттер айтып берген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0