ЕАЭБдеги үч өлкөнүн үлүшү өзгөрдү. График

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЗаседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР
Заседание Евразийского совета глав правительств ЕАЭС в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иманалиевдин айтымында, ар бир өлкөнүн үлүшү импорттун көлөмүнөн, бажыдан түшкөн акчадан жана ички керектөөдөн көз каранды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдигиндеги бажы салыктарын бөлүштүрүүдө Белоруссиянын үлүшү Казакстан менен Россиянын эсебинен 0,3 пайызга өстү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Мындай чечим 1-октябрь күнү Жогорку Евразиялык кеңештин Ереванда өткөн жыйынында кабыл алынды. Кыргызстан менен Армениянын үлүшү 1,9 жана 1,22 пайыз болуп өзгөрүүсүз калды. 

ЕАЭБдеги бажы салыктарын бөлүштүрүү
ЕАЭБдеги үч өлкөнүн үлүшү өзгөрдү. График - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдеги бажы салыктарын бөлүштүрүү

Белоруссиянын үлүшү 4,56дан 4,86 пайызга өстү. Ал эми Казакстан менен Россияныкы, тескерисинче, 7,055тен 6,955 пайызга жана 85,265тен 85,065 пайызга кыскарды.

Иманалиевдин айтымында, ар бир өлкөнүн үлүшү импорттун көлөмүнөн, бажыдан түшкөн акчадан жана ички керектөөдөн көз каранды.

2018-жылы ЕАЭБдин бажы салыктарын бөлүштүрүүдө Кыргызстан 16 миллиард сом алган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0