ЕАЭБ менен Сингапурдун алакасы. Ереванда кол коюлган документтердин тизмеси

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В. Путина в Армению
Рабочий визит президента РФ В. Путина в Армению - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ереван шаарында өткөн Евразиялык жогорку экономикалык кеңештин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Ереван шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына чогулду.

Саммиттин алкагында президенттин бир нече жолугушуулары болду. Ошондой эле Сингапур мамлекети менен эркин соода аймагын түзүү боюнча келишим түзүлдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

— Евразия экономикалык форум жөнүндө;

— ЕАЭБ сотуна кайрылууда чарбалык субъектилер төлөгөн пошлинанын өлчөмүн бекитүү жөнүндө;

— Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 10-октябрындагы № 79 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— 2018-жылы ЕАЭБ бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётко;

— 2020-жылга ЕАЭБ бюджети жөнүндө;

— 2020-жылга ЕАЭБ эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө;

— ЕАЭБ жалпы финансылык рыногун түзүүнүн концепциясы жөнүндө;

— 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюу жөнүндө;

— ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ЕАЭБ бюджетине үлүштүк төлөмдөрүн төлөө боюнча карыздарын жабуунун тартибин бекитүү жөнүндө;

— ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда газды ташуу жана жеткирүү чөйрөсүндө мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү жөнүндө;

— ЕЭК коллегиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө;

— ЕЭК коллегиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө;

— ЕЭК ишинин регламентинин № 1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— ЕАЭБ агро өнөр жай саясаты боюнча кеңеш жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

— Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.

Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлери ЕАЭБ жана Сингапурдун ортосундагы эркин соода жүгүртүү аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0