Кыргызстандын кубулма форели сауд аравиялыктарды кызыктырды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүФорель. Архив
Форель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Кыргызстанга Сауд Аравиядан делегация келип, кубулма форелге кызыгып кетишкен. Өлкөдөгү балыктар алардын талабына ылайык жана экологиялык жактан таза экендиги айтылат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Сауд Аравиянын ишкерлери Кыргызстандын кубулма форелине кызыкдар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балык чарбачылыгы бирикмесинин башчысы Ренад Досаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын кубулма форелдери Казакстанга жана Россиянын аймактарына (Новосибирск жана Омск) экспорттолот. Мындан тышкары, дагы бир өлкөгө балыкты сатууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү ыктымал. Жакында эле Кыргызстанга Сауд Аравиянын өкүлдөрү келген.

"Алар кубулма форелге кызыкты. Тагыраагы, 2,5 килограммдан ашыктары талапка ылайык экен. Бизде андай балыктар бар, өндүрүшчүлөр тапшырууга даяр. Көлмөлөр менен жемдери экологиялык жактан таза. Эми сауд аравиялыктар менен сүйлөшүүнү күтүп жатабыз. Ойлогон максаттарыбыз ишке ашса керек", — деди Досаев.

Ал белгилегендей, учурда өлкөдө кубулма форель жылына 5 миң тоннага чейин өстүрүлөт. Эгер талап жогору болсо, балык өндүрүшү дагы көбөйтүлөт. Аны менен биргеликте салтка айлангандай эле Россия менен Казакстанга дагы балык жөнөтүлүп турарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0