Түркия Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар

© Фото / пресс-служба МИД КРЧрезвычайный и Полномочный Посол КР в Турции Кубанычбек Омуралиев встретился с Министром сельского и лесного хозяйства страны Бекиром Пакдемирли
Чрезвычайный и Полномочный Посол КР в Турции Кубанычбек Омуралиев встретился с Министром сельского и лесного хозяйства страны Бекиром Пакдемирли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Өмүралиев Түркия министрине Кыргызстандын инвестициялык климаты, ишкерлик жана ЕАЭБдин алкагындагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Түркия Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча маселени карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли жолукканда белгилүү болгонун КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда элчи Кыргызстанга кайра иштетүүчү ишканаларды куруу жана өлкөдөн Түркияга азык-түлүк экспорттоону сунуш кылды.

Күнөскана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте нидерланддык ишкерлер экспорт боюнча бизнес-форум өткөрүшөт
Ал эми министр Пакдемирли Кыргызстандын айыл чарба жаатында потенциалы күчтүү экенин айтып, бул маселени карап чыгууга даяр экенин билдирди.

Өмүралиев Түркия министрине Кыргызстандын инвестициялык климаты, ишкерлик жана ЕАЭБдин алкагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, тараптар Түркияда кыргыз буурчагына бажы пошлинасын төмөндөтүү маселесин талкуулашты.

Хотите узнавать раньше самые интересные и важные новости?
Подписывайтесь на наш Telegram-канал
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0