Жыл башынан бери мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешенин суммасы

© Sputnik / Жоомарт УраимовОбращение сома в КР
Обращение сома в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик бюджет — бул өлкөнүн капчыгы. Ал республикалык жана жергиликтүү болуп эки бөлүктөн турат. Республикалык бюджет өкмөт тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджет жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ушул жылдын сегиз айында өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин жалпы кирешесинин көлөмү 98,4 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жыл сайын бирден ТЭЦ! 2022-жылга чейин мамлекеттик карызга канча акча коройт
Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-август айлары аралыгында 98,4 миллиард сомдун 86,1 миллиарды республикалык бюджеттин кирешиси. Калган 13,9 миллиард сому жергиликтүү бюджетке келип түшкөн каражаттар.

Мамлекеттик бюджет — бул өлкөнүн капчыгы. Ал республикалык жана жергиликтүү болуп эки бөлүктөн турат. Республикалык бюджет өкмөт тарабынан, ал эми жергиликтүү бюджет жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат.

Мамлекеттин капчыгына киреше булактары болуп салыктар, жыйымдар, дивиденддер, гранддар саналат.

Баса, былтыр киргизилген жеңилдиктерден улам 20 миллиард сомдук салык чогулбай, мамлекеттик бюджет чыгымга учураган

Жаңылыктар түрмөгү
0