Адис: ЕАЭБдин зергерлери алтын кени жок Түркияга жеңилип калды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭритилген алтын. Архив
Эритилген алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия былтыр беш миллиард долларлык зер буюмдарды экспорттогон. Мындай көрсөткүч ЕАЭБ өлкөлөрүнүн түшүнө дагы кире электиги айтылды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. ЕАЭБге мүчө бир катар мамлекеттердин зергерлери бир дагы алтын кени жок Түркиянын ишкерлерине атаандаштык кыла албай жеңилип калды. Бул тууралуу "Казакстандын зергерлеринин лигасы" улуттук палатанын төрагасы Кайсар Жумагалиев билдирди.

Ал Бишкекте өтүп жаткан Евразия жумалыгынын "ЕАЭБде жасалган: глобалдык рыноктогу зер буюмдары боюнча атаандаштыкка жаңы көз караш" деп аталган жыйынына катышты.

"Жалпы эсеп боюнча биз түрктөргө жеңилип калдык. Россия менен Казакстанды түрк продукциялары басып калды. Алар былтыр 5 миллиард долларлык экспорт жасашты. Мындай сандар биздин түшүбүзгө дагы кирген эмес. Биз, баарыбыз, Россия, Казакстан, Кыргызстан алтын өндүрөбүз. Ал эми Түркиянын бир дагы алтын кени жок. Ошентсе да биржалык баадан төмөн сатышат. Анткени аларды мамлекет колдойт", — деди Жумагалиев.

Евразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Тигран Саркисян - Sputnik Кыргызстан
ЕЭК башчысы ЕАЭБ жаштарынын артыкчылыгын санап берди
Ал ошондой эле эзелтеден бери "эгер зергер болсоң, демек сен байсың жана сага колдоонун кереги жок" деген түшүнүк калыптанып калганын кошумчалады. Бирок ал сөз бир гана Казакстан жөнүндө же ЕАЭБ өлкөлөрүнө дагы тийиштүү экенин тактаган жок. Мисал катары ал ювелир сырьену сатып алганда да, сатканда да кошумча нарк салыгын төлөшү керектигин айтты.

25-сентябрдан бери "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму өтүп жатат. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Алар экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелерин талкуулап жатышат. Иш-чара 27-сентябрда аяктайт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0