Казакстан карызга алган электр энергиясын кантип кайтарууда? Расмий жооп

© Sputnik / Эмиль СадыровНизкий уровень воды в Токтогульском ГЭС
Низкий уровень воды в Токтогульском ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта Токтогул суу сактагычында 17 миллиард 186 миллион куб метр суу бар. Бул көлөм кыш мезгилине керек болгон 6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө жетиштүү экени айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Казакстан жай мезгилинде алган электр энергиясын Кыргызстанга 18-сентябрдан тарта кайтарып бере баштады. Мунун аркасы менен Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кышкыга үнөмдөлө турганын Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Абдылда Исраилов Sputnik агенттигине айтып берди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын июль айында VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешмесинде Кыргызстан коңшу өлкөгө жай мезгилинде 270 миллиондон ашуун киловатт-саат электр жарыгын берип турууга макул болгон. Эми ошол энергияны Казакстан күнүнө 4-5 миллион киловатт-сааттан кайтарып берип жатат.

"Коңшулар 300 миллион киловатт-саатка жакын электр энергиясын сентябрь, октябрь, ноябрь айларында кайтарып бүтөт. Бул бизге кышкыга электр энергиясын үнөмдөп алууга шарт түзүп жатат. Тагыраары, күнүнө 28 миллион киловатт-саат колдонсок, азыр 24 миллион киловатт-саат гана өндүрүүдөбүз. Калган 4-5 миллион киловатты Казакстан берген электр энергиясы менен жаап жатабыз", — деп түшүндүрдү Исраилов.

Низкий уровень воды в Токтогульском ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычында суу азбы? Энергетиктердин жообу
Анын айтымында, ушул тапта Токтогул суу сактагычында 17 миллиард 186 миллион куб метр суу бар.

"Бул көлөм кыш мезгилине керек болгон 6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүүгө жетиштүү. Жазга 11 миллиард куб метр суу менен чыгабыз деген пландар бар. Андыктан кышында светти өчүрүүгө техникалык жактан негиз жок. Эл коркпой эле койсо болот", — деди орун басар.

Ал кошумчалагандай, электр жарыгын өндүрүү жана бөлүштүрүү жаатында оңдоо, жаңылоо иштери 92-95 пайызга бүтүп калды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0