Кыргызстандагы товарлардын эмнеге сапатсыз, кымбат экенин эксперт айтып берди

© AFP / ERIC PIERMONTСупермаркеттеги жашылча жемиштер. Архив
Супермаркеттеги жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана логистика боюнча эксперт Олег Дунаев бул тармактагы көп көйгөйлөрдөн улам кардар кымбат товар сатып аларын айтты.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Логистика жана транспорт жаатындагы көйгөйлөр барып келип эле жөнөкөй кыргызстандыктар үчүн терс таасирин тийгизет. Бул туурасында Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин Транспорт жана логистика боюнча комитетинин төрагасы Олег Дунаев айтып берди.

Ал Бишкекте өткөн "Евразия жумалыгы — 2019" деп аталган эл аралык көргөзмө форумуна катышты.

Эксперт учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө бул тармакта өз ара иштешүү боюнча бирдиктүү система жоктугун белгиледи.

"Мындан улам жөнөкөй бизнесмендерге иштөө кыйын болуп жатат, товарларды ташуу боюнча бирдиктүү эреже жок. Алардын бири кошумча пайда болгон кармалып туруу сыяктуу көйгөйлөрдөн жабыр тартуу. Бул барып келип эле жөнөкөй эл, кардарлар үчүн маселе жаратууда. Бишкектеги дүкөндөрдөн улам бул даана көрүнүп турат. Жашоо деңгээли үчүн бул баалар өтө эле жогору жана логистиканын ролу чоң", — деди ал.

Эксперт Евразия экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрү аталган альянста транспорттук-логистикалык системаны өнүктүрүш үчүн бирдиктүү ыкма түзүшү керектигин айтты.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0