Бишкектеги дүкөндөрдү кыдырган россиялык эксперт нааразы болду

© Sputnik / Александр Натрускин / Медиабанкка өтүүПрезидент Всероссийской ассоциации рыбохозяйственных предприятий, предпринимателей и экспортеров Герман Зверев
Президент Всероссийской ассоциации рыбохозяйственных предприятий, предпринимателей и экспортеров Герман Зверев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балык өнөр жайы тармагындагы адис Герман Зверев "Евразия жумалыгында" сүйлөп жатып, Бишкектеги селедканын баасы таң калтырганын билдирди.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Бүткүл россиялык балык чарбачылыгы боюнча ишкерлердин жана экспортчулардын бирикмесинин президенти Герман Зверев Бишкектеги балык дүкөндөрүн кыдырып чыкканын айтып берди.

Ал борбордо өтүп жаткан "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форумунда сөз сүйлөдү.

"Кечээ мен балык дүкөндөрүнө кирдим. Биздин селедкадан дайын жок. Бирок анын норвегиялык түрү 450-500 сомдон турат. А биз россиялык селедканы 270-280 сомго сата алабыз. Кызыл балыкты дагы таба алган жокмун. Болгону бүкүр сом (горбуша) жатыптыр, ал дагы былтыркы окшойт", — деди адис.

Зверев мындай көрүнүш ЕАЭБ өлкөлөрү арасында балык соода-сатыгын өнүктүрүү потенциалы жогорку экендигинен кабар бере турганын белгиледи.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0