11:07 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Кыргызстандын жаратылышына суктанган турист. Архивдик сүрөт

Кыргызстан туризмге илгерки даңк-даңазасын кайтарууну көздөйт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)
63 0 0

Премьер-министр Ысык-Көл жана өлкөдөгү башка курорттук объектилер жалпы союздун ден соолукту чыңдоочу жери болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстан туризм чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү туристтерди мурдагыдай эле кабыл алууга кызыкдар экенин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өтүп жаткан Евразия жумалыгынын пленардык жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы ишкерлерге кайрылып жатып инвесторлор жана бизнесмендерди кызыктырган өлкө ичиндеги тармактарды санап өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү туризмге байланыштуу экени белгиленет.

"Алты миллион калкы бар мамлекетибиз жылына 4-5 миллиондой туристти кабыл алат. Мындайча айтканда, ар бир адам конок катары бирден туристти кабыл алат. Биз туризмди ИДПнын жети пайызына чейин жеткирүүнү пландап жатабыз", — деген Абылгазиев.

Премьер-министр Кыргызстан туристтерди эң көп тарткан мамлекеттердин катарына кире турганын белгилеген.

"Биз биринчи кезекте мурдагыдай эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн туристтерин кабыл алгыбыз келет. Эсиңиздерде болсо керек, анда Ысык-Көл жана башка санаториялык-курорттук объектилер жалпы союздун ден соолукту чыңдоочу жери болчу. Илгеркидей артыкчылыгыбызды кайтаргыбыз келет", — деген Абылгазиев.

Белгилей кетсек, бүгүн мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында "Евразия жумалыгы — 2019" эл аралык көргөзмө форуму башталды. Ага эки миңден ашык адам катышууда. Форумда экономикалык интеграция жана бизнес өнөктөштүк маселелери талкууланып, 200дөй спикер сөз сүйлөйт. Иш-чара үч күнгө созулат.

Тема:
Бишкектеги "Евразия жумалыгы — 2019" форуму (24)

Тема боюнча

Өкмөт жол эрежесин бузганда салынган айыптын жогору экенин моюндады
Кыргызстандык ишкерлер чет элдик сатып алуучуларды эмнеси менен тартат. Пикир
Саркисян: "Евразия жумалыгы" ЕАЭБдин өнүгүүсү үчүн дем-күч берет
Премьер Абылгазиев сыртта жүргөн эмгек мигранттарын коргоп чыкты
Белгилер:
туризм, Мухаммедкалый Абылгазиев, Евразиялык экономикалык биримдик, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ