Улуттук банк ЕАЭБдин беш жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЧеканка монет в Московском монетном дворе
Чеканка монет в Московском монетном дворе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук банк 24-сентябрдан тарта "Тарыхый окуялар" сериясынан "Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди. 

© Фото / пресс-служба НБКРУлуттук банк "Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды
Улуттук банк ЕАЭБдин беш жылдыгына карата коллекциялык тыйын чыгарды - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк "Евразия экономикалык бирлигине 5 жыл" күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды

Монета ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын эл аралык монета чыгаруу программасынын алкагында чыгарылган.

"ЕАЭБ расмий эмблемасы жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн туулары менен бирге түшүрүлгөн "5" саны монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын сол тарабында мүчө мамлекеттердин улуттук белгилери чагылдырылып, тегерете "Евразия экономикалык бирлиги / Евразийский экономический союз" деп жазылган", — деп айтылат маалыматта.

Коллекционная монета Тяжеловооруженный воин Кыргызского каганата - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коллекциялык жаңы монеталар сатыкка чыгат. Сүрөт
Монетанын арткы бетинде бирикменин символу катары жер шарынын элеси берилип, ага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин улуттук оюулары жана "5" саны түшүрүлгөн. Монетанын борборунда Кыргыз Республикасынын герби жайгаштырылган. Жогору жагында "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деп жазылып, оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag925°) жана салмагы (31,10g) көрсөтүлгөн.

Ал эми сол жагында монетанын номиналы (10), Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдиги болуп саналган сомдун графикалык белгиси баш тамга менен асты сызылып берилген (С). Белгинин астындагы сызык улуттук валютанын туруктуулугун билдирет. Монетанын төмөн жагында чыгарылган жылы көрсөтүлгөн (2019).

Ар бир күмүш монета акрил капсуласына, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага салынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0