Мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасы бир топ азайды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРоссия рубли жана АКШ долларлары. Архив
Россия рубли жана АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын жети айында өлкөгө 1,5 миллиард доллар которулган. Быйыл аталган мезгилге салыштырмалуу каражат алда канча аз кирген.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Быйылкы жылдын акыркы жети айында Кыргызстанга 1 миллиард 351 миң доллар которулгандыгын Улуттук банктан кабарлашты. Кеп жеке жарандардын жөнөткөн акчасы туурасында жүрүп жатат.

Анын көбү, 1 миллиард доллар, Россиядан келген.

Былтыркы жылдын январь-июль айларында өлкөгө 1 миллиард 508 миллион доллар кирген. Тагыраагы, быйыл ал мезгилге салыштырмалуу акча 157 миллион долларга аз түшкөн. Маалыматта мунун себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0