Кыргызстан 50 млн. доллар грант алат. Акча эмнеге жумшалат?

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азия өнүктүрүү банкы бөлгөн акча төрт багыт боюнча дыйкандарга берилет. Бул өз кезегинде экономиканын ар тармагынын өнүгүүсүн шарттайт.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар грант берүүнү бекитти. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.

Бул каражаттар экономиканын тармактарын өнүктүрүү үчүн жумшалат.

"Азия өнүктүрүү банкынын жардамы өкмөткө өлкө экономикасын алтын казуудан, акча которуулардан түшкөн каражатка болгон көз карандылыктан акырындык менен кутулууга жардам берет. Андан сырткары, жаңы ишканаларды түзүп, калкты жумуш менен камсыздоого шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Бир жылга жетпей бузула баштаган Бишкектин жаңы жолдору. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бир жылга жетпей бузула баштаган Бишкектин жаңы жолдору. Видео
Экономикалык диверсификацияны өнүктүрүү программасы эки программадан туруп, ар бирине 50 миллион доллардан каралган. Ал өз кезегинде Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга болгон Улуттук стратегиялык өнүгүү реформасындагы төрт багыт боюнча өкмөткө жардам берет. Анын ичинде соода-сатык, инвестициялык атаандаштык, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү илгерилетүү жана эмгек рыногунда талап кылынып жаткан жумушчуларды даярдап чыгаруу бар.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0