Сауд Аравиядагы окуядан кийин Кыргызстанда бензин кымбаттайбы?

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАкцизы на бензин и дизельное топливо повысили с 1 апреля
Акцизы на бензин и дизельное топливо повысили с 1 апреля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясы нефть казган аймактары дрондордун чабуулуна калгандан кийин мунайды казып алууну азайткан. Бул өз кезегинде нефть баасынын 19 пайызга кымбатташына себеп болгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлар октябрдан тарта кымбатташы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Ишемби күнү Сауд Аравиянын нефть чыккан кендерине дрондон чабуул жасалган. Анын айынан мунай казып алуу дээрлик эки эсеге азайып кеткен. Бул өз кезегинде баанын кымбатташын шарттаган.

Эшматов Кыргызстан нефтини Россиядан аларын белгиледи.

"Бул айда баалар өспөйт. Себеби биздин нефтетрейлерлер нефтини алып келүү боюнча келишимге кол коюшкан. Азыр нефтинин кымбатташы боюнча Россия үн ката элек. Октябрда май кымбатташы ыктымал, бирок баа өтө деле жогорулабайт деп ойлойм", — деди Эшатов.

Кыргызстандагы компаниялар канча табышты - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ишкердиктин кайсы түрү кирешелүү. Жаңы рейтинг
Ал ошондой эле Сауд Аравия нефть казуунун көлөмүн калыбына келтирерин, бул көрүнүш убактылуу гана нерсе экенин кошумчалады.

Дүйнөдө нефтини ири импорттоочулардын бири жана казуу жагынан үчүнчү орунда турган Сауд Аравия дрон чабуулуна чейин суткасына 9,8 миллион баррель казса, учурда анын көлөмү 5,7 миллион баррелге чейин азайган. Расмий Эр-Рияд казылган нефтинин көлөмүн дүйшөмбү күнү калыбына келтиребиз деп ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0