14:04 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Монголия. Архивное фото

Centerra Gold Монголия менен соттошууга камынып жатат

© Sputnik / Руслан Кривобок
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
16810

Монголиядагы коомдук бирикменин арызына байланыштуу Улан-Батордун административдик иштер боюнча кассациялык соту ушундай чечим чыгарган. Ал эми өкмөт кен өндүрүлгөн тоону токтому менен коргоого алды.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Монголиянын бийлиги канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берген лицензияларды жокко чыгарды.

Мындай чечимди 10-сентябрда Улан-Батордун административдик иштер боюнча кассациялык соту "Ноён-Уул тоолорун сактайбыз" деген бейөкмөт уюмунун арызын карап чыккан соң кабыл алганын Mongolnow порталы билдирди. Журналисттер билдиргендей, активисттердин өтүнүчү менен Монголиянын фемида өкүлдөрү Ноён-Уул тоосун улуттук корук катары тааныган. Анткени ал тоодо Хунндардын доорунан калган археологиялык баалуулуктар сакталып калганы айтылат.

Корукта бийиктиги эки метрге жеткен 200дөн ашуун квадрат формасындагы, үстү жыгачтан жабылган ири дөбөлөр табылган. Биринчи археологиялык казуу иштери 1924-1925-жылдары жүргүзүлгөнү айтылат. Ноён-Уул тоосунан чыккан табылгалардын айрымдары Эрмитажда, башка бөлүгү Монголиянын улуттук тарых музейинде сакталып турат. Эки дөбөдөн биздин заманга чейинки экинчи жылга Цянь-пин доорундагы кытай жазуулары (кол өнөрчүлөрдүн ысымдары) түшүрүлгөн сырдалган идиш-аяктар табылганын монгол басылмалары билдиришет.

Ал ортодо канадалык компания Улан-Батор сотунун чечимине байланыштуу билдирүү таратты. Алардын айтымында, 11-сентябрда Монголиянын министрлер кабинети сөз болуп жаткан тоонун статусун көтөрүү боюнча чечим кабыл алып, ал аймакка кирбеген 372А, 431А, 5082А жана 10810А тилкелериндеги геологиялык чалгындоо, колдонуу иштерин токтотту.

Чет элдик инвесторлор лицензия берилген жерлер Ноён-Уул тоосундагы тарыхый тилкелерден 10 чакырым, жергиликтүү эл сыйынган аймактан 15 чакырым алыс жайгашканын кошумчалашкан.

"Соттун чечими толугу менен аткарууга бериле элек жатып монгол өкмөтү атайлап жалган маалыматтарды таратууда. Эгер жагдай өзгөрүүсүз калса, Монголия мүчө болуп кирген инвестицияларды биргелешип коргоо жана сыйлоо боюнча эл аралык келишимге ылайык компания сот органдарына кайрылат", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

"Ноён-Уулду коргойбуз" коомдук кыймылынын өкүлдөрү монголдор үчүн ыйык жерде кен казуу иштерине каршы күрөштү улантууну көздөп жатышат.

Монголияда канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын эки туунду компаниясы — 2004-жылдан бери алтын өндүрүп келген Boroo Gold жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн Centerra Gold Mongoliа компаниялары иштейт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.

Тема боюнча

КР жаңы макулдашуу боюнча Кумтөр кенинен кандай пайда көрөт. Түшүндүрмө
Кумтөрдө канча алтын калды? Өкмөттүн жообу
Белгилер:
инвестор, компания, алтын кени, Монголия

ЭҢ МААНИЛҮҮ