Россиянын элчиси Кыргызстан ЕАЭБге киргени кандай пайда көргөнүн айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте Москва күндөрү башталды.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу менен кандай пайда көргөнүн айтып берди.

Элчи Бишкекте өтүп жаткан Москва күндөрүнүн алкагында уюштурулган Инвестиция жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча конференцияда сөз сүйлөдү.

"Россия ветеринардык лабораторияларды ачууга жардам берип келет. Анын жыйынтыгында быйыл эт азыктары менен агрардык продукцияларга коюлган чектөөлөр алынды", — деди Удовиченко.

Элчи ошондой эле Россия-кыргыз өнүктүрүү фондусу дагы Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жатканын белгиледи. Ал Россияга кеткен экспорттун көлөмү 25 пайызга өскөнү буга мисал экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0