14:43 15 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4846
  • RUB1.0834
АКШ долларлары. Архив

Кыргызстандан сыртка агылган акча. Себеби жана токтотуу жолу

CC0 / pasja1000
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бакыт Толканов
868 0 0

Быйыл чет элдик инвестициянын сыртка агылышы күч алды. Анын себептеринин бири катарында айрым мамлекеттик органдардын ашкере тырышчаактыгы, чектен чыккан активдүүлүгү аталды. Акча каражатынын сыртка агылып жатышына эмне түрткү болду, аны бууп калууга жолдун бар-жогу туурасында Sputnik Кыргызстандын бул макаласынан окуңуздар.

4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев кыргызстандык ишкерлер, анын ичинде ири бизнесмендер да өз каражатын сыртка чыгарып кете баштаганын билдирди. Экономика министрлиги да бул маалыматты ырастады.

Sputnik Кыргызстан редакциясы каражаттын сыртка агылышы боюнча кандай маалыматтар бар, мындай көрүнүшкө эмне себеп болду, өлкөдөн акча чыгарылып кетпеши үчүн кандай чараларды көрүү зарыл экенин тактап көрүүнү чечти.

Мамлекеттик органдардын маалыматтары

Улуттук банктын маалыматы боюнча, акчанын өлкөдөн сыртка агылган көлөмү биринчи жарым жылдыкта 247,6 миллион долларды түздү. Бул — мониторинг жүргүзүлө баштаган 2005-жылдан бери алты ай үчүн рекорддук көрсөткүч. Сыртка чыккан каражаттын көбөйүш себеби көрсөтүлгөн эмес.

Мурдагы эң жогорку көрсөткүч былтыркы жылы катталган, анда сыртка чыгарылган акчанын көлөмү 238,4 миллион доллар эле. Кеп жеке адамдардын акча которуулары жөнүндө жүргөн, ал эми юридикалык тараптар боюнча маалымат Улуттук банктан суралган.

Улуттук статистикалык комитет чет элдик түз инвестициялардын өлкөгө кириши жана сыртка агылышы боюнча маалыматтарды жарыялаган. Биринчи жарым жылдыкта алар 146 миллион долларга жана 36 миллион долларга жогорулаган. Былтыркы жылдын биринчи бөлүгү менен салыштырылып жатат. Башкача айтканда, чет элдик инвестициялардын келиши сыртка агылышынан кыйла жогору. Бирок жергиликтүү инвесторлор боюнча маалымат жок.

Эң кооптуусу — орто бизнестин да сыртка акча чыгарышы

Sputnik Кыргызстандын редакциясы бул боюнча коңгуроо кагып чыккан депутат Казакбаевдин өзү менен байланышты. Ал мындай билдирүүсү боюнча кеңири токтолуп, бир нече жылдан бери жергиликтүү капиталдын сыртка агылышы көбөйүп баратканын белгиледи.

Депутат ЖК 6 созыва Руслан Казакбаев от партии Республика – Ата-Журт
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев

"Ири ишкерлердин тышка капитал чыгарышы түшүнүктүү, биздин рынок чакан, алар өз өндүрүмдөрү үчүн жаңы жерлерди издешет. Бирок ирилери эле эмес, орто бизнестегилер да мындай кадамга көп бара баштаганы түйшөлтөт. Алар Түркия, Россия, АКШ жана европалык мамлекеттер тургай, коңшулаш Казакстан жана Өзбекстандан да жаңы долбоорлорду карап жатышат", — дейт депутат.

Казакбаевдин айтымында, бизнесмендер иш жүргүзүүдөгү тобокелдиктер катары өлкөдө туруктуулуктун жоктугу, коррупция, анын ичинде лицензия жана ар кыл уруксат берүүдөгү алешемдиктер, бизнести коргоонун так стратегиясынын жоктугу өңдүү көрүнүштөрдү аташат. Мунун баары өкмөткө болгон ишенимдин азайышына алып келерин белгилейт эл өкүлү. Казакбаев бюджетке салык жана төгүмдөрдүн толук чогултулбай калганы туурасында мурда кабарланганын да эске салды.

"Ички инвесторлор өз долбоорлорун жаап жатышса, кайдан акча түшөт деп ойлойсуздар? Алардын мекенчил экенинен шегим жок, бирок акча тынчтыкты сүйөт. Бизге түп тамырынан бери жасалган реформа зарыл, анын ичинде экономика да буга муктаж. Себеби саясий жана социалдык-экономикалык кырдаал инвестициялардан да көз каранды. Бийликтин бардык бутактары бири-бири менен эриш-аркак иш алып барууга тийиш", — деп кошумчалады парламентарий.

Соода-өнөр жай палатасы эмне дейт?

Ошентсе да Соода-өнөр жай палатасында маалыматтар башкачараак. Аталган палатанын басма сөз кызматындагылар ири бизнес акчаны сыртка чыгарып жатышы мүмкүн экенин билдиришти.

"Биздин мүчөлөр — чакан жана орто бизнес, алар бул жерде, эч жакка кеткен жок. Биздин мүчөлөр каражаттарын сыртка чыгарып жатышканын кабарлашкан жок", — дешти маалымат кызматтан.

Жылдар жылат, көйгөйлөр эч өзгөрбөйт

"БизЭксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев айтмакчы, өлкөдөн акчанын сыртка агышы жашыруун эмес, алтургай, муну үч мамлекеттик институт — Улуттук статком, Экономика министрлиги жана Улуттук банк да тастыктайт.

Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
"БизЭксперт" аналитикалык борборунун жетекчиси Улук Кыдырбаев

"Эгер атамекендик ишкер капиталын чыгарып кетип жатса, анда бул эки нерсени айгинелейт: бизнес өкүлүнүн үмүтү өчтү, өз инвестицияларынын коопсуздугун сезе албай калды же анын бизнеси кирешелүүлүгүнөн тайып, бизнес жүргүзүү наркы өсүп, тейлөө менен товарларга болгон сатып алуу жөндөмү төмөндөй баштады. Ошентсе да акча которуулар боюнча маалыматтар көңүл жылытарлык эмес беле?.. Балким, эл каражат жыйнап жаткандыр", — деп боолголойт Кыдырбаев.

Ал мындай көрүнүштүн себептерин териштирип, аларды жоюуга чара көрүлүшү шарт экенин кошумчалап, өлкөдө күрөш жүрүп келе жаткан бөгөттөр боюнча да кызык мисалдарды келтирди.

"2006-жылы бизнес биримдигин биринчи жолу жетектеп калдым, ошондо эле бизнес үчүн негизги көйгөйлөр азыркыдай болчу: ишбилги кадрлардын жетишсиздиги, жеке менчик жана инвестицияны коргоо, мамлекеттик органдар менен өз ара иштешүүдөгү маселелер, сот системасы, анан да жемкорлук", — деп кошумчалады Кыдырбаев.

Күнөө кимде жана кантип чечүүгө болот? Экономика министринен сунуш

Экономика министри Санжар Муканбетов түз чет элдик инвестициялардын ири көлөмү биринчи жарым жылдыкта 390 миллион долларды түзгөнүн, бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда жогору экенин эске салды. Бирок быйыл өлкөдө Кызыл-Омпол, Солтон-Сарыдагы жана Кой-Таштагы окуялары болуп өттү.

Министр экономики КР Санжар Муканбетов во время дачи присяги в Жогорку Кенеше
© Фото / пресс-служба ЖК
Экономика министри Санжар Муканбетов

"Алар инвесторлорго таасир этти, инвестициялык климатка да чагылбай койбоду. Тогуз айдын жыйынтыгы менен капиталдын сыртка агылышына күбө болот окшойбуз. Эми ар бир инвестордун артынан чуркоодо өкмөттүн жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролу маанилүү", — дейт министр.

Анын айтымында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийликтин ишин баалоо критерийлери иштелип чыгып, премьер-министр тарабынан бекитилген. Эң башкысы — жергиликтүү да, чет элдик да ишкерлерден инвестиция тартуу. Жылдын аягында мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери бул боюнча "башы менен жооп берет".

"Ошондой эле анык бир фискалдык жана күч органдары да чектен чыккан тырышчаактык менен иштешкенин эске алалы. Мындай жагдай да инвестициялык климатка өз кесепетин тийгизүүдө. Фискалдык органдардын ашкере активдүүлүгүн басаңдатуу үчүн бул жөнүндө өкмөткө кулак кагыш кылып турабыз", — деп билдирди Муканбетов.

Министр көйгөйлүү маселелерди талкуулап, чечип алуу үчүн ички да, чет элдик да инвесторлор менен айына бир ирет кезигип турууну пландап жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Өлкө жыл башынан бери 16,2 млрд. сомдук карыздан кутулду
Айыл өкмөттөргө акчаны сарамжал пайдаланганды үйрөтүштү
Белгилер:
Экономика министрлиги, агым, инвестор, каражат, акча

ЭҢ МААНИЛҮҮ