Өлкө жыл башынан бери 16,2 млрд. сомдук карыздан кутулду

Жазылуу
Мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 453,86 миллион долларга жетет.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстан сегиз айдын аралыгында мамлекеттик карыздын 16 миллиард 204 миллион сомунан кутулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Тагыраак айтканда, үстүбүздөгү жылдын январь-август айлары аралыгында республикалык бюджеттен мамлекеттин тышкы карызын төлөөгө 8 миллиард 398,5 миллион сом бөлүнгөн. Ички карыздын суммасын азайтуу үчүн 7 миллиард 805,5 миллион сом жумшалган.

Ал эми былтыр бир жылдын аралыгында Кыргызстан 23 миллиард 747,7 миллион сомдук карыздан кутулган. Анын 11 миллиард 805 миллиону тышкы карызга, 11 миллиард 942,7 миллиону ички карызга кеткен.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-майына берилген маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 453,86 миллион долларды (311 миллиард 102 миллион сом) түздү. Анын 3,7 миллиарды чет өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга төлөнүп берилет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0