УКМК коррупционерлерден канча акча өндүргөнүн жарыялады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЗадержание с поличным сотрудницы Центра образования Октябрьского района Бишкека
Задержание с поличным сотрудницы Центра образования Октябрьского района Бишкека  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Каржы министрлигинин Бирдиктүү депозиттик эсебине кезектеги акча төлөмү — 11 млн. сом которду. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы ишмердүүлүгүнүн алкагында мамлекетке кайтарылган каражаттардын жалпы суммасы депозиттик эсептин ачылганынан бери 283 млн. 535 миң 391 сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттар топтолчу атайын эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган. Ал мезгилден бери маал-маалы менен аталган эсепке каражат түшүп турат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0