Кумтөрдө канча алтын калды? Өкмөттүн жообу

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевДеятельность горнодобывающей компании "Kumtor Gold Company" в Иссык-Кульской области
Деятельность горнодобывающей компании Kumtor Gold Company в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөр кенинде 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. 2019-жылдын 1-январына карата Кумтөр кенинде жалпысынан 104 тоннадан ашыгыраак алтын запасы бар. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.

"Борбордук тилкесинде — 77 тонна 592 килограмм, Сары-Төр тилкесинде — 16 тонна 614 килограмм, түштүк-батыш тилкесинде — 10 тонна 136 килограмм алтындын кени бар. Жалпысынан алганда запастын көлөмү 104 тоннадан ашат", — деди Осмонбетов.

Золотоносный рудник Кумтор в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
КР жаңы макулдашуу боюнча Кумтөр кенинен кандай пайда көрөт. Түшүндүрмө
Анын айтымында, 2017-жылы борбордук тилкесинде, ал эми былтыр түндүк-чыгыш, борбордук жана түштүк-батыш тилкелеринде чалгындоо иштери жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, 26-августтан тарта кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Анын алкагында чалгындоо иштерине 26 миллион доллар бөлүнгөн.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан Кумтөр кенинен 1997-жылдан 2018-жылга чейин 350 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлдү. 2017-жылы казып алынган алтындын көлөмү 17 тоннага жетсе, былтыр 16 тоннадай болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0