Транспорт үчүн кандай салык төлөшүңүз керек? Ыңгайлуу калькулятор

© Sputnik / Эмиль СадыровПлатные стоянки в Бишкеке
Платные стоянки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт үчүн салыкты 1-сентябрга чейин төлөө керек.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Транспорттун салыгын төлөөгө бир нече гана күн калды. Белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин салык төлөбөгөндөрдү аныктоо үчүн рейд башталат. Жеке жактардан миң сом алынса, юридикалык жактар 5 миң сомго чейин төлөйт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги автоунаа үчүн канча салык төлөө керектигин эсептеген оңой калькуляторду сунуштайт. Салыктын көлөмүн аныктоо үчүн болгону автоунаанын чыккан жылын жана кыймылдаткычтын көлөмүн гана жазуу керек.

Андан сырткары, автоунаа ээлерин кызыктырган бир нече суроолорго жоопторду алдык.

Эгер салыкты төлөбөй койсом эмне болот?

Салыкты убагында төлөбөгөн жеке тараптарга миң сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат. Андан сырткары, ар бир күнгө туум чыгат.

Мотоцикл эле айдап жүрсөм да салык төлөшүм керекпи?

Салык транспорттун бардык түрүнө салынат. Анын ичинде жеңил автоунаадан тарта трактор, комбайнга чейин бар. Ошондой эле мотоцикл, моторолер, мопед, моточана, моторлуу кайык, катер, кеме, теплоход, яхта, суу мотоциклдери да кирет. Ар бир транспорт үчүн өзүнчө салык каралган.

Салыкты кантип төлөсөм болот?

Өзүңүзгө ылайыктуу жолду тандаңыз. Каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмдөрүнөн, төлөө терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот. Ошондой эле Бишкектеги калкты тейлөө борборлоруна кайрыла аласыз. Кассалар саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Алардын даректери:

  • КТБ №1 — Медеров көчөсү, 44/1, Жукеев-Пудовкин көчөсү менен кесилишет, "Бишкек" соода борборунун имараты;
  • КТБ №2 — Чокон Валиханов көчөсү, 2 ("Аю гранд" соода борбору);
  • КТБ №3 — Жаш Гвардия проспектиси, 4 (Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет).

Жаныңызга паспортту же көчүрмөсүн жана техникалык паспортту алып алыңыз.

Салык төлөгөнүмдү кантип тастыктай алам?

Сизге атайын чаптагыч менен салык төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция берилет. Аларды сактап коюшуңуз керек. Чаптагычты машинанын маңдайкы терезесинин бурчуна чаптап алыңыз. Ошондо сизди автоинспекторлор токтотпойт.

Эгер суроо жаралса, кайда кайрылам?

Толук маалыматты жергиликтүү салык кызматтарынан жана Мамлекеттик салык кызматынын call-борборунун 1240 номери аркылуу алсаңыз болот.

Дагы кандай салык төлөшүм керек?

Кыймылсыз мүлк үчүн да салык төлөйсүз. 2-сентябрга чейин турак жайга, жер тилкесине салык төлөшүңүз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0