Ысык-Көлдө 80 чакырым жол оңдолот. Насыяны арабдар берет

© Фото / пресс-служба Министерства транспорта и дорогЯмочный ремонт на перевале Отмок по дороге к Таласу
Ямочный ремонт на перевале Отмок по дороге к Таласу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бонус катары ремонттолгон жолдун жээгине веложол куруп беришет.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Араб координациялык тобунан алынган насыяга Балыкчы — Каракол автожолунун (Күнгөй жээк) 80 чакырымдан ашык жери реконструкцияланат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Кеп Корумдудан Балбай айылына чейинки бөлүк тууралуу болуп жатат. Долбоордун баасы — 128 миллион доллар. Шарт боюнча ал төрт тилкелүү, эл аралык деңгээлдеги жол болушу керек.

Жолду бойлой веложол, ал эми айылдарда тротуар салынат.

"Насыя берүү боюнча ОПЕК жана Сауд Аравия өнүгүү фондусу тарабынан макулдук берилди. Мындан ары маселе дагы бир нече тиешелүү уюмдардын талкуусунан өтүшү зарыл”, — деп айтылат билдирүүдө.

Араб координациялык тобуна — Сауд Аравия өнүгүү фонду, Араб экономикалык өнүктүрүү Кувейт фондусу, Абу-Даби өнүктүрүү фондусу, Эл аралык өнүктүрүү фондусу (ОПЕК) жана Ислам өнүктүрүү фондусу кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0