18:01 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Centerra Gold Inc ишканасынын кызматкери. Архив

"Кумтөр" менен түзүлгөн жаңы келишим күчүнө кирди. Канча акча түшөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
189 0 0

Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жана Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы Стратегиялык макулдашуунун алкагында түзүлгөн Жаратылышты өнүктүрүү фондусунун жана Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусунун иштөө механизмдери маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Премьер өлкөнүн экономикасы үчүн Кумтөрдүн мааниси чоң экендигин белгиледи. "Кумтөрдүн" ИДПдагы үлүшү 9 пайызга жакын, өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 18 пайызга жакыны да "Кумтөргө" таандык. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында "Кумтөр" 9,37 тонна алтын өндүрдү. Жыл башынан бери компания салык жана милдеттүү төлөмдөр катары 4,22 миллиард сом которгон.

"Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Ушул милдеттенмелер аткарылгандан кийин гана Стратегиялык макулдашуу күчүнө кирмек. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 87 миллион доллар келип түшөт. Биздин өкмөт Макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген. Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 миллион долларга чейин көбөйтүлгөн, ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилди. Биз кошумча 63 миллион долларга жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенме алган жокпуз", — деди Абылгазиев.

Ал, андан сырткары, жыл аягына чейин Кыргызстан 77 миллион доллардан ашуун каражат аларын кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызстандын кайсы аймагы алтынга бай. Карта
Kumtor Gold Company кошумча 27 млн. доллар төлөп берет. Акча каякка жумшалат
Белгилер:
бюджет, алтын, келишим, өкмөт, Кумтөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ