Жыл башынан бери КР экономикасы эмнесинен аксады. Статистика

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары жана Кыргызстандын желеги. Архив
Акча каражаттары жана Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө экономикасынын анык өсүшү 3,1 пайызды түздү.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын анык өсүшү 6,9 пайызды түзүп, 284,4 миллиард сомго жетти. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилинен жети пайызга жогору экенин Улуттук статистика комитети билдирди.

Мугалимге гүл берип жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы мугалимдин айлыгына канча сом кошулат? Тизме
Маалыматка караганда, экономиканын көпчүлүк тармактарында өсүш болгон.

Мисалы, өндүрүш продукциялары боюнча 19,5 пайыз өсүш байкалганы айтылды. Бул кайра иштетүү жаатындагы (23,1 пайыз) жана пайдалуу кендерди казып алуудагы (53,2 пайыз) алдыга жылуулардын эсебинен ишке ашты.

Ошондой эле дүң жана чекене соода, автоунаа сатуу, кызмат көрсөтүү, мейманкана жана ресторан бизнесинде дагы өсүүлөр болгону айтылат.

Аны менен катар көрсөткүчтөр төмөндөгөн дагы тармактар бар.

"Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткендиктен соода балансынын терс сальдосу 1 миллиард 451,4 миллион долларга жетти. Өнөр жайда, "Кумтөрдү" эсепке албаганда, 2,9 пайызга төмөндөө болду. Бул тизмеге энергетика сектору дагы кирет. Анын ылдыйлоосу 2,8 пайызды түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан алганда, бул аралыкта Кыргызстандын экономикасындагы анык өсүш 3,1 пайызды түзүптүр. Бирок бул көрсөткүчтө Кумтөр кенин иштеткен ишканалар эсепке алынган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0