Кыргызстандагы малдын баасына саресеп. Аймактардагы нарктын графиги

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование Курман-айта в Бишкеке
Празднование Курман-айта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Той-аш башталып, көпчүлүк конок камы менен жүргөн кез. Балдарын мектепке даярдагандар да чымын-куюн болуп турган учур. Мындан улам малга болгон суроо-талап күчөдү.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жети облуста малдын баасын сураштырып, тизмектеди.

Аймактардагы мал менен иштеп, базарга көп чыгып жүргөн тургундардын айтымында, жаз мезгилине салыштырмалуу малдын бардык түрүнүн баасы азыр арзан. Ысык-Көл облусунун тургуну Жапар Миңбаев азыр мал тоодон түшө баштаганын айтып берди.

"Бардык аймактарда мал тоодон түшө баштаган кези болсо керек. Анын үстүнө азыр той-аштын убагы, жылкы, бодо мал жакшы өтүп жаткан кез. Ысык-Көлдө эки эли чыккан чоң жылкынын баасы 70 миңден 80-90 миңге чейин сатылып жатат. Мындан сырткары, уй, ириктер да жакшы өтүүдө", — деди Миңбаев.

Ал эми Чүй облусундагы эң чоң делген Токмок мал базарында жакшы жылкынын баасы 75 миң сом. Ал эми уй 55 миң, ириктер (кочкор) 12 миң сомдон бааланып жаткан кези. Мал базарга көп чыккан Максат Жаналиев жылдагыдан быйыл мал бир аз кымбат дейт.

"Мал кымбат болсо, эт деле арзан болбойт. Уйдун эти азыр биз жакта 300-350 сомдон сатылып жатат", — деди Жаналиев.

Чөп жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйыл чөп кымбаттадыбы? Жети облустагы наркка саресеп
Кыргызстандагы мал саткан чоң базарлардын бири Нарын облусунун Ат-Башы аймагында. Жергиликтүү тургун Шамбет Кожониязовдун билдирүүсүндө, азыркы тапта базарга сатыкка бодо малдан эле 500дөй кирип жатыптыр. Андан сырткары, майда жандыктар дагы бар.

"Ат-Башынын мал базарында мал арзан эле сатылып жатат. Алып сатарларга жакшы болгону менен элге кыйыныраак. Анткени биз жакта азыр баары эле мал сатып балдарын мектепке даярдайт. Эми баа ноябрда кайра көтөрүлө баштайт", — деди Кожониязов.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарында уй этинин бир килограммы орточо 300-400 сомдон, ал эми кой эти 280-300 сомдон сатылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0