Кыргызстан эл аралык сотто канадалык компанияга утулду. Төлөнчү акча

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канадалык Stans Energy Corp компаниясы былтыр Кыргызстанды 304 миллион доллар доого жыккысы келип, сотко кайрылган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Эл аралык арбитраж Stans Energy Corp жана Kutesay Mining LLC компанияларынын Кыргызстанга карата жалпы доо арызынын алты пайызын гана канааттандырды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Bloomberg басылмасы канадалык Stans Energy Corp компаниясы кыргыз өкмөтүн соттон 24 миллион долларга утуп алганын жазган.

Алтын казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында кырылган мал... Алтын кенин иштеткен кытай ишканасы тууралуу 7 факты
Эскерте кетсек, 2015-жылы аталган эки компания кыргыз бийлигинин 2013-2014-жылдар аралыгындагы "Кутессай-II" жана "Калесай" кендерин иштетүүгө берилген лицензияны токтотууга байланыштуу мыйзамсыз делген аракеттеринин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен эл аралык арбитраждык процессти демилгелеген.

2018-жылдын апрелине карата доогерлер тарабынан белгиленген талаптар пайызын эске алуу менен дооланган каражаттын көлөмү 304,23 миллион долларды түзгөн.

Ал эми 2019-жылдын 20-августунда арбитраждык трибунал чечим чыгарган. Ага ылайык, доо талаптарынын суммасынан 6 пайызга жакыны канааттандырылды.

"Тагыраагы, 15 миллион доллар жана 2014-жылдан берки 5 пайыздык үстөгүн Кыргызстан төлөп бериши керек. Мындан тышкары, арбитраж доогерлердин пайдасына соттук чыгымдарынын үчтөн экисин (4 миллион долларга чукул) кыргыз өкмөтүнүн мойнуна жүктөдү", — деп айтылат билдирүүдө.

Арбитраждык чечим боюнча маалымат жарыяланган соң, Stans Energy Corp компаниясынын Торонто биржа фондундагы акцияларынын баасы 70 пайызга төмөндөп кеткен.

Учурда өкмөт менен анын юридикалык консультанттары (King & Wood Mallesons компаниясы) мындан аркы аракеттердин стратегиясын иштеп чыгуу үчүн арбитраждык чечимди талдап жатышат.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Ошону менен катар кыргыз тарап "Кутессай-II" жана "Калесай" кендерин иштетүү укугу доогерлер тарабынан кызмат адамдарын паралоо жана паранын суммасын оффшордук компаниялардын эсеби аркылуу "АзияУниверсал Банк" ААКга легалдаштыруу аркылуу алган деген жүйөнү карманууда.

Мунун негизинде Кыргызстан арбитраждык чечимди таанууга жана аткарууга каршы турууга ниеттенип жатат.

Белгилей кетсек, кыргыз тарапка каршы аталган компаниялардын доо арызы боюнча Канадада жана Россияда көп жылдардан бери соттошуулар болуп келген. Процесстер 2015-2017-жылдары Кыргызстандын пайдасына аяктаган. Тагыраагы, Москва өнөр жай палатасынын Stans Energy Corp менен Kutеsay Mining ЖЧКсына 118 миллион доллар төлөп берүүсү боюнча чыккан чечими жокко чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0