Рак менен ооругандардын дары-дармегин оңой сатып алуу жолу каралууда

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүЦентр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске
Центр сердечно-сосудистой хирургии в Хабаровске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактарда алдын ала жүргүзүлгөн мониторингде ооруну басаңдатуучу дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү боюнча бир канча маселе аныкталган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова онкологиялык илдетке чалдыккандар, паллиативдик жардамга муктаждар үчүн ооруну басаңдатуучу дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тууралуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Залалдуу шишик дартына кабылгандардын ар бири эле дарыканадан татаал механизмге же наркынын жогору болушуна байланыштуу ооруну басаңдатуучу дары каражаттарын ала албайт. Ошондуктан алыскы аймактарда жашагандарга райондун же облустун борборуна барууга туура келет", – деди вице-премьер.

Жыйындын жүрүшүндө укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнөн корккондуктан, колдонулган каражаттарды жок кылуунун жол-жобосу, рецептти толтуруунун жана башка процедуралардын татаалдыгына байланыштуу фармацевтикалык компаниялар мындай каражаттарды дарыканаларынан сатууга ашыкпай турганы айтылды. Ошондуктан ооруну басаңдатуучу каражаттарды көзөмөлдөө боюнча нормативдик-укуктук актыларды жакшыртуу зарыл.

Бабатрон-2 аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: Ошко ракты нур терапиясы менен дарылоочу аппарат келиши мүмкүн
Аймактарда алдын ала жүргүзүлгөн мониторингде ооруну басаңдатуучу дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгү боюнча бир канча маселе аныкталган. Мында дарыканалардын жоктугу кырдаалды курчутат, көпчүлүк дарыгерлер укук коргоо органдарынын суроосун жаратпаш үчүн аталган багытта иш алып баргысы келбейт.

Өмүрбекова мындай дары-дармектерге жарандардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча фармацевтикалык компаниялар менен айыл жергесиндеги жана алыскы аймактардагы дарыканалардын санын көбөйтүү, аларга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштөө тапшырмасын берди.

Мындан тышкары, ооруну басаңдатуучу дарыларды саткан юридикалык жактардын маселелерин чечүү жана онкологиялык, наркотикалык дары-дармектерди аккредитациядан өткөн эл аралык уюмдардан сатып алуу маселелерин чечүү милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0