БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Нарын облусуна өлкө аймагындагы ишкерлер чогулат. Бул тууралуу ЖИА бизнес-ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Нарын шаарында 16-августта башталып, Кыргызстандагы ишкерлер жолугат. Катышуучулар бизнес өнөктөш издеп, өздөрүнүн продукциялары менен кызматтарын кардарларга сунуштай алышат.
Ал эми 17-18-август күндөрү Соң-Көлдө атайын жыйын болуп, кесипкөй спикерлер ишкерликти өнүктүрүү үчүн маалыматтык технологияларды колдонуунун сырларын айтып беришет.