Kumtor Gold Company кошумча 27 млн. доллар төлөп берет. Акча каякка жумшалат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO Золотоносный рудник Кумтор в Кыргызстане
Золотоносный рудник Кумтор в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки жыл мурун Кыргызстан менен чет элдик компаниянын ортосунда аталган ишкана жүз миллион доллардан ашуун каражат төлөп берери тууралуу макулдашуу түзүлгөн.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Kumtor Gold Company Стратегиялык макулдашууда каралган төлөмдөн тышкары кошумча каражат төлөп берүү милдетин алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, аталган макулдашуу эки жыл мурун түзүлгөн. Ага ылайык, Kumtor Gold Company жүз миллиондогон доллар төлөп бермек.

Эми макулдашууда белгиленген милдеттерден тышкары төмөндө тизмектелген фонддорго кошумча каражат бөлмөкчү:

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ибраев: былтыр Кумтөр кенинен 16,6 тонна алтын өндүрүлдү
— Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусуна 5 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм;

— Экинчи аяктоо мөөнөтүнөн кийин 12 ай бою Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусуна 5 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм;

— Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондусуна ай сайын экинчи аяктоо күнүнөн кийин алынган Kumtor Gold Company ишканасынын дүң кирешесинин 0,4% эквиваленттүү чегерүүлөр;

— Жаратылышты өнүктүрүү фондусуна 1 миллион доллар өлчөмүндө жыл сайын төлөм;

— Кумтөр кенинде эки жылдын ичинде 16 миллион доллардан кем эмес суммада геологиялык чалгындоо программаларын каржылоо.

Жаңылыктар түрмөгү
0