Мэрия түндө уюштурулган башаламандык канча чыгымга учуратканын эсептеп берди

© Sputnik / Эламан КарымшаковРазгон митингующих сторонников Алмазбека Атамбаева на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Разгон митингующих сторонников Алмазбека Атамбаева на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин тарапташтары делген адамдардын жоон тобу шаарда башаламандык уюштурууга аракет жасаган.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. 9-августка караган түнү Бишкек шаарында болуп өткөн башаламандык 109 миң 826 сомдук зыянга учуратканын мэрия билдирди.

Белгилей кетсек, эки күнгө созулган атайын операциядан кийин мурунку президент Алмазбек Атамбаев аны кармаганы келген күч түзүмдөрүнө багынып берген. Ошондон кийин анын тарапташтары делген адамдардын жоон тобу "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, шаарда башаламандык уюштурууга аракет кылышкан. Милиция кызматкерлери атайын каражаттарды колдонуу менен таркаткан.

"Ала-Тоо" аянтындагы 84 темир тосмо жарактан чыгып, чыгымы 30 миң 200 сомду түздү. Мындан тышкары, органикалык айнек да сынган. Аны калыбына келтирүү үчүн 53 миң 536 сом керек. Шабдан баатыр көчөсүн бойлой орнотулган тосмолор да кыйрап, мындан 7500 сомдук зыян келди. Үч евроконтейнердин чыгымы 4680 сом, газондордуку 6840 сом болду, ага кошумча 2 640 сомдук бир жылдык гүлдөр зыянга учураган. Ал эми элдин өзүнөн калтырып кеткен таштандысын чыгарууга муниципалитет 3500 сом жумшады", — деп айтылат маалыматта.

Бул суммага зыянга учураган автобустар кирген жок.

Мэрия шаар кызматтарынын эмгегин сыйлоого, шаардын мүлкүнө этият мамиле жасоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0